24-августтан 29-августка чейин Кытай Эл Республикасында Куралдуу күчтөрдүн Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген мамлекеттер арасында “Тынчтык миссия-2014” аталыштагы тажрыйба алмашуу, терроризмге каршы күрөшүү боюнча окуу өтөт. Ага Кыргызстандан аскер кызматкерлери барышат. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысынын орун басары Жаныбек Капаров билдирди.
“Республика боюнча жалпы 500 адамга чакыруу келген. Ал жакка биз өзүбүздүн техникабыз менен барабыз. Буюрса, жолго 10-августта Ош шаарынан чыгабыз. Азыркы тапта бардык жагынан даярдык көрүлүүдө. Себеби техника менен кетип жатабыз, техника деген техника да, бузулуп калышы мүмкүн. Ал эми жолго кетчү чыгымдын баарын мамлекет көтөрүп жатат. Ал жакта тажрыйба алмашуудан тышкары оркестр боюнча да жарыш өтөт. Ага да даярдык жакшы”,- деди Жаныбек Капаров.