Австралияда жүргүнчүлөр вагонду көтөрүп, поезд алдына буту түшүп кеткен жаранды куткарышты

Австралиянын Перт шаарында жүргүнчүлөр вагонду көтөрүп, поезд алдына буту түшүп кеткен жаранды куткарышты. Окуя эртең мененки саат 08:50дө орун алган. 

Шаардагы транспорттук компаниянын өкүлү Дэвид Хайнс окуя тууралуу: "Ал киши поезддин арт жагындагы вагонго чыгып жатканда буту түшүп кеткен. Машинистке айтып, поездди жүргүзбөй туруусун эскерттик. Кызматкерлерибиз жүргүнчүлөрдү поездден чыгарышып, вагондордун бир жагын көтөрүүнү уюштурдук",- деп билдирген. Жабыркаган жаранга "Тез жардам" чакырылган. Бирок ал бейтапканага жеткирилген эмес. Бул тууралуу 6-августта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Жүргүнчүлөр вагонду көтөрүп бир адамды куткарышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nora00
2014-08-07 16:31:38
и жакшы болуптур кайра чыгарышканы
0
kipchak
2014-08-07 17:18:00
Коп адам болсо тоону да омкорсо болот. Азаматтар.
+1
Begimkyz
2014-08-07 17:44:06
Жакшы аман калганы суйунтурот
0
Lavanda
2014-08-07 19:03:54
Көп түкүрсө көл болоорун далилдешиптир.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан