“Мигранттардын ата-энелери жалгыздыкка кабылышууда” дейт адис

Бүгүн, 7-августта тегерек столдун жүрүшүндө өз баяндамасында Улгайгандар үчүн ресурстук борбордун президенти Светлана Баштовенко: “Миграциянын негизги терс жактарынын бири - мигранттардын ата-энелеринин жалгыздыкка кабылуусу”,- деди.

Анын айтымында, эмгек мигранттары аялдарын жана балдарын чет өлкөлөргө чогуу алып кетип, өз ата-энелерин мекенинде калтырышат. “Улгайгандар жалгыз калып, балдарын сагынып, тынчсызданышууда. Ошондой эле неберелери менен калган карыларга жөлөк пул төлөнбөй, бардык пенсия неберелерине кетип, өздөрүнө артпай калууда. Мындан тышкары айрымдар жаңы билим берүү системин түшүнбөгөндүктөн, неберелерин мектепке берүүдө кыйынчылыктарга кабылып жатышат”,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
sarbo
2014-08-07 15:55:31
гортириликтин айынында
+1
Dadin1
2014-08-07 16:10:17
Кыргызстандын аткаминерлери ар-нерсени дооруп суйлобой ушундай проблемаларды чечкенге баштарын иштетишсе жакшы болот эле,элди жумуш орундары менен камсыз кылып,завод, фабрикалардын курулушуна конул буруп,акча акча эле дей беришпей.Кыргызстанда иштегенге Жумуш болсо Баардыгы уй-булоосу,ата-эне бир туугандары менен чогу болушат эле.
+1
Light
2014-08-07 16:23:49
тяиктан мынча миллион, бул жактан мынча миллион грант болунду деп эле маалымат берилет, кайда ошончо акча?бир нереселерди куруп иштетип алып калса болот эле.Чындыгында айыл жерде акча жок,иш да жок ата энесинин пенсиясын карап олтургандар аз эмес.Урматтуу адис бул проблеманы го талкууга алыптырсыз, кантип чечуу маселесин да айта кетпейт белениз?Отуруп алып орчундуу проблеманы ортого салуу оной,ал баарынын журогундо турат.Сиз кантип чечууну сунуштайсыз?
+5
golden_boy_KG
2014-08-07 17:22:13
ошол адистин озунун баласыда москвада журсо керек балким )
0
jigit.paren
2014-08-07 18:04:10
кандай гортиричилик болуп кыйналса да ата энени таштабоо керек, ошол таштап кеткендер кийин озулору да карыганда жалгыз калышат балдары кетип калганда. Ойлонуп иш кылса Кыргызстанда да жумуш толтура калп эле мамлекетке асыла бербегилечи.
0
aibek90
2014-08-07 18:17:40
jigit.paren, чет олкодо еч ким жыргаганынан жургон жок
0
bai.kymbat
2014-08-08 10:53:27
jigit.paren, - сага окшогон кичуу балдар ата энесинин байлыгын басып калып чон суйлоошу мумкун. Беш кол тен эмесда...
0
Akabai
2014-08-07 18:19:44
Жаман тойгозотда ушуга окшогон жеп жутаарлар бул жака келип иштебей коюшат, ата энеси жалгыз деп эчким жыргаганынан кетбейт талаага эл озунун жанын озу багып жатканга суйунсонор силер
0
Asan-aka
2014-08-07 18:31:58
Окмоттогулор капчыгы толо акча да ошго оозуна келгенин оттой беришет калптан жан куйдуруп.Башка койгойлорду чечип алышсын биринчи анан миграттарга асылсын
0
kamarik
2014-08-07 19:25:39
Акча жеген чондор.олувам кетишсин ата энелерди сагындыртышып
0
Shamdagai2013
2014-08-08 16:40:15
Анда жаштарга да пенсия беришсин.Ата энелеринин жанынан чыкпай олтурушат.Ким эле ата энесин жалгыз таштагысы келсин, мамлекеттин берген пенсиялары эч нерсеге жетпейт.Ата энелерин багайлы деп,бироонун элине кулдай иштеп журушот,жетишпестиктин айынан баары.
0
LISICHKA
2014-08-10 12:39:26
Ошонун баарына силер,чондор,куноолусунор,эки жактан келген акчаны болуп,чонтогунорго тыгып,кампайып кресло кучактап уктап отурасынар кыйратып салгансып,ишжок,акча жок карапайым адамдар балдарын,карыган ата-энесин таштап тентип журот талаада,жакындары отуп кетсе барып топурак сала албагандар дагы болуп жатат,ошол убакта силерди каргайбыз,жок дегенде каргыштан корксонор боло.Ушунча элдин каргышы силерди ондурбайт го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан