Июль айында республикалык бюджеттин кирешелери 13,3 миллиард сомго барабар болду

2014-жылдын 1-июлунан 31-июлуна чейин республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 13,3 миллиард сом, чыгашалары 7,1 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу 7-августта КРнын Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 159 пайызга аткарылган. Кирешелердин басымдуу бөлүгү (6 миллиард сом) салыктар болгон. Ал эми салыктык эмес кирешелердин көлөмү 4 миллиард сомдон жогорураак болсо, гранттык акча каражаттары 3,3 миллиард сомду түзгөн.

Аталган мөөнөттүн ичинде республикалык бюджеттин чыгашалары 7,1 миллиард сомду түзүп, 1,7 миллиард сому маяналарга багытталган. Мындан тышкары “социалдык камсыздоого жөлөк пул” беренеси боюнча 1,2 миллиард сом, “калкка социалдык жардамга жөлөк пул” беренеси боюнча 537 миллион сом, “имараттар жана курулуштар” беренеси боюнча 846 миллион сом иштетилген. Калган акча каражаттары чыгашалардын башка беренелери боюнча жана мамлекеттик карызды төлөөгө багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан