Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын Ак-Булак айылында төө буурчак өстүрүү боюнча дыйкандар үчүн семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Кызыл-Кыя мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Ага Араван, Кадамжай, Ноокат райондорунан 60тан ашуун дыйкандар жана айыл чарба жетекчилери катышышты. Семинарда төө буурчактын 10 сорту себилген жерлер көрсөтүлдү. Анда эксперименттин жүрүшүндө алынган жыйынтык дыйкандарга төө буурчакты көп өндүрүүгө жардам берери маалым болду.
Семинарга катышкан Кызыл-Кыя шаарынын мэри Абиш Халмурзаев: «Биздин жерлерге чоң көлөмдө биринчи жолу төө буурчак өстүрүлүүдө. Мурдатан бери бизде кээ бир адамдар төө буурчакты өздөрү үчүн өстүрүп келишкен. Ал эми чоң көлөмдө өстүрүү тажрыйбасы жок болчу»,- деди.