Министрлик Африкада күч алган Эбола вирусунан кыргызстандыктарды сактанууга чакырды

КРнын Тышкы иштер министрлиги 7-августта Батыш Африкада күч алган Эбола вирусунан кыргызстандыктарды сактанууга чакырууда. 

Маалым болгондой, министрлик Батыш Африканын Cьерра-Леоне, Либерия жана Нигерия мамлекеттеринде аталган вирус күч алып, андан миңден ашуун адам каза болгонун айтып, азырынча ал тараптарга барбай турууга чакырууда. Чек ара кызматы бул кырдаалга байланыштуу өтмөктөргө санитардык көзөмөл жүргүзүүнү баштаганын билдирди.

Бул ооруга чалдыккандарды айыктыруунун жолун издеп дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмдары Женевада тегерек столго чогулушууда. Ал эми учурда медицина адистери бул ооруга каршы дары жок экенин айтып жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
wwwww
2014-08-08 10:32:18
Аллахым озу сактасын .
+1
Beka90
2014-08-08 12:53:46
Кудай озун сактагын!
+2
Dooron
2014-08-08 13:50:24
Чек-ара бекеттерден сак болсок жакшы
0
Dadin1
2014-08-08 13:57:40
Кыргызстанга келген туристерди да медициналык текшеруудон откоруп анан киргизиш керек.Аэропорт,вокзалдарда мед.кызматкерлери иштеш керек.Москвада деле эпидемия чыкты дегичекти баардык келген пассажирлерди атайын аппарат менен текшерип бирден откорот.Ошондой мед.апаратураларды сатып алышыбыз керек,кыргызстанга берилип жаткан акчаларга.Озубуз 5 кыргыз болсок кырылып калбайлы тубубуз менен.Чет элдик диверсанттар Эбол вирусун алып келип таратып жиберсе акыр заман келгени ошол болот.
0
aku
2014-08-08 14:03:26
Андан кантип сактанат,белгилери кандай экен ал оорунун
0
Dadin1
2014-08-08 14:08:02
aku, бул вируска каршы вакцина жок,ойлоп табыла да элек экен.Ооруп калган адам кыйналып жатып олот.
0
timur555
2014-08-09 16:49:29
Бул оорунуда кайсы бир мамлекет ойлоп чыктыда акча табуу учун. Эсинердеби чочко тумоосу чыкканда шундай болуп поника болгон дуйнодо.
0
Shai
2014-08-11 13:38:51
Кудай сактааа. Бирок ажалын жетсе ар кандай шылтоо менен деле алып кетет ажыл келсе. Бирок баарыбир сактаналы жердештер калаайык калк.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан