Бүгүн, 8-августта КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сасык-Булак айылынын тургундары менен жолугушууда.
Биринчи суроо катары Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиевди экстрадициялоо боюнча маселе коюлду. “К.Бакиевди Кыргызстанга алып келүү боюнча өкмөт иш жүргүзүп жатат. Биз Беларустун бийлигине бир нече жолу кат жөнөткөнбүз, бирок жооп келбей жатат”,- деди Ж.Оторбаев.
Мындан тышкары тургундар жол оңдоо маселесин да көтөрүштү. Буга облустагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева: “Жол оңдоо иштерине жакында тендер жарыяланып, кийинки жылдын жаз астында 26 чакырым жол асфальтталат”,- деп жооп берди.
Андан соң төрөт үйлөрүндө болгон коррупция маселеси да көтөрүлдү. “Биздин келиндердин төрөтү үчүн медициналык кызматкерлер 8 миң сом талап кылышууда”,- деп арызданды жергиликтүү тургун. Буга премьер-министр: “Өлкөбүздө медиктердин маянасы төмөн. Ошондуктан кошумча төлөөнү киргиздик: бир бөлүгүн өкмөт төлөп берет, калган бөлүгүн кардар төлөп берет. Эгер кызматкер акча каражатты талап кылса, анда ал жоопкерчиликке тартылат”,- деди.