Ош. Орозо айында чогулган битир-садага муктаж болгондорго бериле баштады

Ош шаарында Орозо айында элден чогулган битир-садаганы муктаж болгон жарандарга бөлүп берүү башталды. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта шаар казыятынын башчысы Убайдулла Сарыбаев билдирди.
Анын айтымында, ушул күнгө чейин шаардык казыятка жардам алуу үчүн 100гө жакын колдоого муктаж үй-бүлө арыз менен кайрылган. 
Ал эми 7-августтан тарта алардын 40кына битир-садагадан берилген. Муктаждарга каражатты бөлүштүрүп берүү атайын комиссия тарабынан жүрүп жатат. Мындан сырткары балдар, карылар жана көзү азиздер үйүнө да бөлүштүрүлөт. Анын суммасы аталган мекемелердин шарты жана андагы адамдардын саны менен бычылат.
Эске салсак, быйыл Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Аалымдар кеңеши орозо битирдин өлчөмү 32 сом деп аныктаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан