Орозо айт боюнча казыят буйругун аткарбай, элге туура эмес маалымат берген имам кызматынан бошотулду

Орозо айт боюнча элге туура эмес маалымат берген Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылынын имамы Сагынбек Назиржан кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматта “Ноокат районунун кээ бир айылдарында имамдар Орозо айт майрамы жөнүндө калкка туура эмес маалымат беришкендиктен, Орозо айт майрамы бир күнгө эрте майрамдалган. Бул иш боюнча 4-августта Жаңы-Ноокат айылында жергиликтүү калк менен имамдардын, Ош облусунун казысы Ниязалы ажы Арипов, Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынан С.Эгембердиев, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Юлчиев жана укук коргоо органдарынын катышуусунда жыйын болду. 

Жаңы-Ноокат айылынын имамдарынын элге туура эмес маалымат бергендери аныкталып, казыяттын буйругун аткарбагандыгы аныкталды. Жыйынтыгында Сагынбек Назиржан имамдык кызматынан бошотулду” деп айтылат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
lila06
2014-08-08 23:01:09
Эн туура кылыптыр,,,ушинтип туура эмес маалымат берген имамдарды иштен алыш керек,,,
-1
samar55
2014-08-09 00:09:41
Бул эмне кылганынар казыятпы муфтияттабы иштеген молдокелер .Мусулманчылыктагы эн ыйык кунду озунор каалагандай билип ...Молдонун айтканына да ишенбе деген заман келгенби дейм.
0
omurbek9393
2014-08-09 03:38:37
Кызык.....
0
uluk1982
2014-08-09 10:08:11
озу 28и айт болчу!
0
zhanarbek80
2014-08-09 11:09:24
озу буйрук берген адамды иштен айдоо керек башка мусулман мамлекеттерде емне учун 28де бир гана кыргызстан 29да
+1
Alai.kyzy
2014-08-10 02:49:28
zhanarbek80, бирок 27си айтылган тв.дан
Бизде ай башкача чыккан экен, мен да тушунбодум. Коп адамдар адашып алышты. Бирок, эн башкысы адамдын ниети. Баары жакшы ниетте тосушту. Ал эми неге баарында 28зи а бизде гана 29зу мени да кызыктырат!!!
0
Lumia-800
2014-08-09 21:52:12
Ал кочода семичке сатып олтуруп имам болуп алган жоктур! Башында бирнерсе бар имам болуп журдуда, болгону адашуу деп билиш керек Дароо эле "элди алдап" дегени кандай болуп калат...?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан