Украинанын Донецк облусунда жарылган Боинг учагында курман болгондордун жакындарына "Malaysia Airlines" компаниясы 50 миң доллардан компенсация төлөп берет. Авиакомпаниянын адвокаты Ян ван Зуурен аталган каражат компенсация төлөмүнүн суммасы чыгарылганга чейин берилерин маалымдады. Каза болгондордун туугандары бул боюнча маалыматы бар экенин кошумчалаган. Бул тууралуу 9-августта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
8-августта авиакырсыкта набыт болгон 21 адамдын өздүгү такталганы белгилүү болгон. Алардын 16сы Нидерландынын жараны, экөө Малайзия жана Германия, Канада, Улуу Британиянын бирден жараны. Ага чейин эки нидерландыктын өздүгү такталып, жалпысынан 23 адам таанылды.
Эске салсак, Украинанын Донецк облусунда 17-июлда малайзиялык Боинг 777 учагы жарылып, 298 адам көз жумган.