Ысык-Көл облусунда жарандардын арыз, кайрылууларын электрондук түрдө кабыл алуу боюнча кыргыз өкмөтүнүн kattar.kg сайтынын презентациясы болуп өттү. Бул тууралуу 9-августта өкмөттүн облустагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Ага Ысык-Көл облусундагы райондук администрациянын, мэриянын аппарат жетекчилери, жалпы бөлүм башчылары, айыл өкмөттөрүнүн жооптуу катчылары жана өкүлчүлүктүн тийиштүү адистери катышышты.
Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев: "Көпчүлүк учурда элдин, жарандардын арыз, кайрылуулары жеринде, айыл аймактарында көңүл сыртында калып, тийиштүү деңгээлде көңүл бөлүнбөй калат. Мындан улам маселелер жеринде чечилбей, иш кагаздарынын көп болушуна алып келүүдө. Бүгүнкү күндө ишке кирип жаткан электрондук кабыл алуу системи убакытты, каражатты үнөмдөөгө жана иш кагазынын агымын азайтууга чоң өбөлгө болот",- деди.
Ошондой эле эл менен иш алып барууда айыл өкмөттүн жооптуу катчыларынын, тийиштүү адистердин жоопкерчилигин күчөтүү керек экенин да белгилеп өттү. Окуу-семинардын катышуучуларына жарандардан арыз, кайрылууларды электрондук түрдө кабыл алуунун жол-жоболору көрсөтүлүп, түшүндүрүлүп берилди.