Индияда текстиль өнөр жай тармагында иш алып барган жеке ишкер Панкай Парах өзүнүн туулган күнүнө белек катары салмагы 4 килограммга барабар алтын кийим тиктирди. 45 жашка толгон ишкер эл алдына чыгуу менен эле чектелбестен, "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүүнү максат кылганын билдирген. Бул тууралуу 8-августта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Алтын кийимди тигүүгө ишкерге тиешелүү фабрикада эмгектенген 20 чебер катышканы белгилүү болгон. Эки айда бүткөн эркек көйнөгүн кир жуугуч машинада жууса болот. Жука алтындын астында кездеме бар. Парах буга чейин эле алтынды жакшы көрүп келгенин жана 2-3 килограмм зер жасалгасыз сыртка чыкпай турганын айткан. Ал коопсуздугу үчүн бир нече жан сакчы менен жүрөт.
Панкай Парах өз өлкөсүндө ийгиликтүү ишкерлердин бири катары таанымал. Ал мектепти бүтүргөндөн кийин текстиль жаатында иш баштаган. Жыл сайын 120 баланын операциясын төлөп, кайрымдуулук жасап келери айтылат.