Бүгүн Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта “Түндүк электр” ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Л.Толстой, Лущихин көчөлөрүндө жана Чүй облусунун Таш-Мойнок, Арашан, Кой-Таш, Султан, Талды-Булак айылдарында көмөк чордондорду оңдоо иштери жүрөт. Буга байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал.