Жаза аткаруу тутумунда кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин элесине эстелик орнотулду (фоторепортаж)

Бүгүн, 11-августта КРнын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын имаратында 2002-жылдан бери кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин элесине орнотулган эстеликтин ачылыш аземи өттү.

Иш-чарада аталган мекеменин башчысы Советбек Арбаев, мурунку башчысы Зарылбек Рысалиев, мекеменин кызматкерлери, жаза аткаруу тутумунда кызмат учурунда курман болгон 5 кызматкердин (Икматулла Полотов, Сапарбек Жуматаев, Дуулатбек Аденов, Талапказы Мамыралиев, Таалайбек Атамбаев) туугандары катышышты.

КРнын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Советбек Арбаев Жаза аткаруу кызматында эмгектенгендердин иши оор экенин айтып: "Курман болгон баатырларды унутпашыбыз керек. Алардын эрдиги жаңы муундарга үлгү болуп саналат",- деди ал.

Айта кетсек, эстелик Жаза аткаруу кызматынын аппаратынын демилгеси менен орнотулган. Ага аталган кызматтын кызматкерлери тарабынан 274 029 сом чогултулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KERI_0000
2014-08-14 14:13:52
жазык аткаруу экенго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан