Жалал-Абадда күз айларынан тарта жаратылыш газынын азайышы күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Турдаалы Темирбаев билдирди.
Анын айтымында, бала бакчаларды, мектептерди жана турак үйлөрдү кыш айларына камдоо үчүн азыртадан кам көрүү шаар башкармалыгынын көңүл чордонунда турат.
“Жылуулук ишканасын мазут жана көмүр менен иштетүү аракети көрүлүүдө. Шаар карамагында 15 жылытуучу от казан бар, айрым от казандарын оңдоп-түзөө иштери аткарылып, кээ бири жаңыланууда. Биринчи кезекте социалдык объектилерди, көп кабаттуу үйлөрдү жана ооруканаларды камсыз кылууга көңүл бурдук”,- деди ал.