Өзбекстандагы этникалык кыргыздар Кыргызстандын жогорку окуу жайларына сынак тапшырышат. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, Өзбекстанда жашаган этникалык кыргыздар Кыргызстандагы жогорку окуу жайларга кирүү үчүн сынак 17-18-август күндөрү өтөт.
Алынган маалыматтарга караганда, 2010-жылга чейин Өзбекстандан келип окуган студенттер Кыргызстандын ар бир окуу жайында болгон. 2010-жылы болгон улуттар ортосундагы пикир келишпестиктен жана саясий туруксуздуктан улам алардын саны кыскарып кеткен.