Кыргызстандын 500 аскери тажрыйба алмашуу үчүн Кытайга жөнөп кетти

10-августта Кыргызстандын 500 аскери Кытайга Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген мамлекеттер арасында өтчү “Тынчтык миссиясы-2014” машыгуусуна жөнөп кетти. Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, аскерлер тажрыйба алмашуу, терроризмге каршы күрөшүү боюнча окуудан өтүшөт. Машыгуу 24-августтан 29-августка чейин уланат. Ага Кытай, Орусия, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстандан барган үч миңден ашык аскер катышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан