Бишкекте бүгүн, 11-августта ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын катышуусунда флешмоб өтөт. Бул тууралуу “Келечек+Хелспром” уюмунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, акциянын максаты майыптардын укуктары жөнүндөгү Бириккен Улуттар Уюмунун Конвенциясын ратификациялоону колдоо болуп саналат. Иш-чарада концерт, мода жана флешмоб көрсөтүлөт.