Чоң-Алай эли тажик чек арачылары барымтага алынгандарды 3 күндүн ичинде бошотушпаса, жол тосушарын билдиришти

Тажик Республикасынын чек арачылары тарабынан Чоң-Алай районунун эки тургуну барымтага алынгандыгы боюнча аталган райондун 60-70ке жакын тургуну чогулуп, "Кара-Мык" чек ара заставасынын имаратынын алдына кармалып турган жарандарды бошотуу талабын коюшкан. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев маалымдады. Эгерде жогорудагы талаптар 3 күндүн ичинде аткарылбаса, Сары-Таш - Комсомол-Абад унаа жолун тосууга аргасыз экенин жергиликтүү тургундар билдиришкен.

Элдин талабын угуу үчүн Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Абдилазиз Ашыралиев, РИИБдин башчысы Таалай Калбердиевдер барышкан.

Ал эми бүгүн эртең менен бир катар жетекчилер Тажик Республикасына барып Жерге-Тал районунун бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүп, окуя болгон жерди көрүп, камакта турган 2 атуулду чыгаруу максатында жөнөп кетишкен.

Азыркы учурда Чоң-Алай районунун аймагында коомдук-саясий абал туруктуу сакталууда. Ошондой эле эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Jamalym
2014-08-11 16:09:20
Тажиктер чек арабыздын ар жеринен чокулап тийише башташты го акыркы кундору.
+2
kanaat-1985
2014-08-11 17:46:36
Биздин бийликтин алсыздыгынан коншу мамлекет ар жеринен тийишип жатышкан сынаары .
0
Sharipa-asia
2014-08-11 18:21:26
Тажиктер да озбектерге окшоп кара ниет боло башташкан го
0
janul
2014-08-11 18:34:43
Атамбаевдин ушундай маселелерди жеринде чечкенге качан катышат экен деп эл кутуп чарчады. ал болсо сочиде журу , байкуш карапайым эл кутуудон тажашпайт
0
Bolo2
2014-08-11 19:33:15
Janul, Аны президент кылып оз колубуз м.н шайладык эле го кыргыз эли! Мындай болбош учун шайлоодо ойлонуш керек. Кутпой эле кой пайда жок
0
Nemo_0587
2014-08-11 20:00:02
Ашаны шайлабасак да баарыбир отот шайлоодон.
0
carcanat
2014-08-16 01:51:03
Nemo_0587, Аша ким?
0
91mele
2014-08-11 21:59:39
Аша ХХХ ХХХ ХХХ сочиге иши да жок андайлар менен
0
admin_portal
2014-08-12 10:41:27
91mele - 3 күнгө БАН!
Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөргө жол берилбейт.
0
OTYPBARATYPELEEE
2014-08-12 12:24:20
АШАны, тажиктерди куноологондон мурун озубузду ойлосок. Ууга барып башка мамлекеттин чек арасына кирип кийик атып, ал эмес куралдуу каршылык корсотушсо ит аткандай атып, кармап кетишет да кокуй кун. Тажиктер деле биздин жерге мыйзамсыз кирип келип кийик атышса ошол кунду корушмок. Чек араны бузуп кармалышса, тез арада чыгаргылга деп догурунганы эмнеси капырай?! "Котон зордуктун" да чеги болот да. Кырдаалды анык билбей эле интернетке кирип алып, ар кимди куноолой бергенди токтотсок агайны... :-)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан