Бүгүн, 11-августта Бишкектеги Курманжан датканын эстелигинин жанында майыптардын катышуусунда акция өттү. Көрүүчүлөр концерт, мода көрсөтүү жана "Кара жорго" бийине күбө болушту.
Уюштуруучу “Келечек+Хелспром” уюму билдиргендей, акциянын максаты майыптардын укуктары жөнүндөгү Бириккен Улуттар Уюмунун 2011-жылы кабыл алынган Конвенциясын тезирээк ратификациялап, күчүнө киргизүү болду.
Акциянын алып баруучусунун айтымында, майыптар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелбеген адамдардын колунан келген иштерди кыла алышат. “Биз үй-бүлөлүү болгубуз келет. Биз дагы бала баккыбыз келет. Биз бардыгын кыла алабыз!”- деди ал.