Белгилүү америкалык актёр Робин Уильямс 63 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, кечээ, 11-август күнү актёрдун жансыз денеси Калифорния штатындагы өз үйүнөн табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, акыркы күндөрү Робин Уильямс депрессия менен жабыркап жүргөнү жана өз өмүрүнө кол салганы айтылууда.
Робин Уильямс 1951-жылы Американын Чикаго шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал чыгармачылык жолунда “Өлгөн акындардын коомчулугу”, “Кутман таң, Вьетнам!”, “Акылдуу Уилл Хантинг” жана башка бир катар тасмаларда роль жараткан.