25-октябрь күнү Баткен окуясынын 15 жылдыгын салтанат менен өткөрүү пландалып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта Ош облустук Баткен окуясынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Мурзали Бөрүбаев маалымат жыйында билдирди.
Мындан сырткары Ош облусунда да мектептерде атайын иш-чаралар уюштурулат. Иш-чаранын максаты - Баткен окуясынын катышуучуларын даңктоо жана келечек муунду мекенчилдикке үндөө.
Эскерте кетсек, Баткен окуясы 1999-жылы орун алган. Ага республика боюнча 15 000 жаран катышып, 69 адам окуя учурунда көз жумган. Азыр Ош облусунда Баткен согушунун 5000 ардагери бар.