Бүгүн, 12-августтагы маалымат жыйынында Гүлзина Байтаева: "Хирург жаңылып эмчегимди кесип салды",- деди.
Анын айтымында, операция 2014-жылдын 6-июнунда Улуттук онкология борборунда болуп, аны хирург Зинаида Карабекова жасаган. "Мага УЗИнин жыйынтыгы боюнча болжол менен "эмчек шишиги (карцинома)" деген диагноз коюлган. Хирург шишикти 7 мүнөткө текшерүүгө алып, эгер диагноз туура эмес болсо, эмчегимди кайра тигип койсо болмок. Бирок хирург аны алып салган",- деди.
"Мен Октябрь РИИБине жана Башкы прокуратурага арыз жазгам. Кылмыш иши козголо элек. Мен ошол хирург Зинаида Карабекова жана операцияга тиешеси бар дарыгерлер жазага тартылышын каалайм. Мындан тышкары эмчегимди кайра реконструкциялап беришин талап кылам",- деп кошумчалады Байтаева.
Учурда ал сол колу менен иш кыла албагандыгын баса белгиледи. "Мен 25 жаштамын. Жолдошум менен 1 жылдан бери жашайм. Биз балалуу болгубуз келчү. Бирок эми жакынкы 3 жылдын ичинде төрөй албайт экенмин",- деди ал.