Украинанын Кыргызстандагы элчилигинин алдында митинг өтүүдө (фоторепортаж)
Бүгүн, 12-августта Украинанын Кыргызстандагы элчилигинин алдында "Кыргызстан коммунисттери" партиясынын жаштар канаты Орусияны колдогон митинг өткөрүшүүдө. Акция “Одесса трагедиясына 100 күн” деп аталып, Одессада Украинанын аскерлеринин колунан каза болгондор эскерилип, катышуучулар Украинадагы окуялар боюнча пикир айтышууда. Ага 30дай адам катышып жатат. "Коммунисттер, алга!", "Тынч турган элди колдойбуз", "Кыргыз эли тынчтык үчүн күрөшкөн украин элин колдоп, жеңип чыгышына тилектеш" деген плакаттарды кармап турушат.