Балдар адабиятынын кыргыз тилиндеги котормолоруна сынак жарыяланды

Балдар адабиятынын кыргыз тилиндеги котормолоруна сынак жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия билдирди.

Дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүнүн, анын ичинде балдар адабиятынын кыргыз тилиндеги котормолоруна сынакты КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, “Мурас” кыргыздын тарыхый жана маданий фонду жарыялады. Ага мурда чыгарылбаган проза, кичи проза, поэзия, драматургия жанрындагы чыгармалар катыша алат. 

Сынак 2014-жылдын 12-августунан 12-ноябрына чейин жүргүзүлүп, жыйынтыгы 2014-жылдын 12-декабрь - Улуттук жазуучулардын күнүнө карата чыгарылат. Катышуучуларды каттоо КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясында жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан