Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан шаар аймагындагы кара куурайды жок кылуу боюнча атайын комиссия курамы "Мак" операциясын жүргүзүштү. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта Жалал-Абад ШИИБинин коомдук тартипти сактоо бөлүмчөсүнүн башчысы Курманбек Турушов билдирди.
Анын айтымында, кара куурай - наркотикалык зат даярдалуучу жапайы өсүмдүк. Бул негизинен саз жерлерде өсөт. Эгер мекеме-ишканалардын айланасында өссө, ошол мекемедегилер өрттөп жок кылышы керек. Үйдө өсө турган болсо, үй ээси жок кылышы керек.
“Эгерде аталган заттарды билип туруп жок кылуу чарасын көрбөсө, атайын чара көрүлөт”,- деди Турушов.
Белгилей кетсек, мындай операция ар жылы 1-майдан 1-ноябрга чейин жүргүзүлөт.