Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 13-августта "№8, 9-троллейбустардын каттамы убактылуу өзгөрдү" деп билдирди.
Маалыматка ылайык, №8-троллейбустун кыймылынын схемасы Лермонтов көчөсүнөн эт комбинатка чейин болсо, №9-троллейбус Аламүдүн-1 жана "Ош базары" каттамы менен жүрөт. Буга Гагарин - Тимур Фрунзе көчөлөрүнүн аралыгындагы жолдорду оңдоо иштери себеп болгон.