Ошто китеп топтоо акциясы өтөт

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы китеп топтоо акциясын өткөрөт. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Куштарбек Кимсанов бүгүн, 13-августта билдирди.

Анын айтымында, шаардагы бүтүп кеткен окуучулардын китептерин топтоо боюнча акция ушул жылдын сентябрь айында болот.

"Ата-энелер тарабынан алынып берилген окуу куралдарды арзан баада сатып алуу жана марафон өткөрүү жолу менен топтоо демилгеленип жатат. Билим берүү министрлигинен китептерди беришет, бирок ал жетишсиз болуп жатканы чындык. Китептер жетишпейт деп эле отура берестен, ушундай жол муктаждыкты аз да болсо жоёт. Эл арасында өз ара камкордукту күчөтөт жана кийинкилерге камылга көрүү мээримин ойготот”,- дейт Кимсанов.

Учурда Ош шаарындагы мектептер окуу куралдары менен 71 пайыз камсыз болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан