Баткен облусунун Керевшин аймагындагы тоо кыркаларында альпинизм боюнча Орусиянын биринчилиги өтүүдө. Мелдешке жүзгө жакын альпинист катышууда жана ал 2 жумага созулат. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта Баткен аймагындагы Туризм агенттигинин башчысы Жунус Каразаков билдирди.
Анын айтымында, альпинисттерди аймакка жеткирүү, тейлөө түйшүгүн «Ак-Сай» жана «Баткен трейвел сервис» агенттиктери мойнуна алган. Бул жолку мелдешке Орусиянын аймагынан 19 команда катышууда. Алардын баары тоо шартын жакшы билген, мыкты даярданган спортчулар. Мелдештин жүрүшүн 30га жакын калыс көзөмөлдөп, жеңүүчүлөрдү аныктайт. Азырынча мелдеш жыйынтыктала элек.
Баткен облусунун Керевшин аймагында алгачкы альпиниада 1988-жылы өткөрүлгөн.