Ош шаарында калктын биометрикалык маалыматтарын топтоонун активдүү фазасы башталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаардык штаб жана 13 жумушчу топ түзүлүп, иштеп жатат.
Республикалык штабдын чечимине ылайык, Ош шаарынын аймагында жайгашкан калктуу конуштардын көчөлөрүнүн аталыштары жана шаардын калктуу конуштарынын аймагында жашаган 16 жаштан жогорку калктын саны боюнча маалыматтар такталып чыкты. Учурда шаардын калкынын биометрикалык маалыматтарын топтоо боюнча стационардык топторду түзүү, алардын ишин уюштуруу иштери башталды.