Кыргызстанда буудай, кант кызылчасы жана картошканын түшүмү былтыркыга салыштырмалуу аз болору күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта КРнын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, быйыл дан эгиндери 2013-жылга караганда 16,3 миң гектарга көбүрөөк эгилген. Бирок жалпы республика боюнча суунун аздыгынан буудайдын көлөмү гектарына 3,3 центнер, арпанын көлөмү гектарына 3,7 центнерге азыраак болору күтүлөт. Жалпысынан буурчак жана дан эгиндеринен быйыл 130,6 миң тоннага азыраак түшүм алынышы ыктымал.
Кант кызылчасы быйыл 7,3 миң гектарга эгилип, 146,7 миң тонна чогултулушу күтүлүүдө. 2013-жылы бул көрсөткүч 195,4 миң тонна болчу. Ал эми быйыл 1278 миң тонна картошка жыйналары болжолдонуп жатат.