Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Курманжан датка атындагы балдар бакчасына «Жылдын мыкты бала бакчасы» номинациясы боюнча 1-даражадагы дипломун тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта райондун Билим берүү башкармалыгынан билдиришти.
Ага Ош билим берүү институтунун директорунун милдетин аткаруучу Акуш Асанбаев, Ош Билим берүү институтунун башкы адиси Гуля Каримова, Ноокат райондук профсоюз комитетинин төрайымы Сонунбүбү Шанабаева, Райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Тажикан Тагаева катышты.