Бүгүн, 13-августта Бишкекте Эл аралык жаштар жумалыгынын алкагында психикалык ден соолукка арналган “Мен – адаммын” аталышындагы сүрөт көргөзмөсү өттү.
Уюштуруучулардын айтымында, иш-чаранын максаты психикалык жактан ооруган адамдарды бөлбөй, кадимки адам катары санаш керек экендигин жарыялоо болду. “Дүйнө боюнча жарым миллиардга жакын адам психикалык жактан оорукчан болуп саналат. Алардын 80 пайызына жардам көрсөтүп, дени сак адамдардын катарына алып келсек болот”,- дешет уюштуруучулар.
Айта кетсек, кечээ, 12-августта Эл аралык жаштар жумалыгы башталган. Ал 19-августка чейин өтөт. Анын алкагында футбол боюнча мелдеш жана маалыматтык иш-чаралар өткөрүлөт.