Ош шаарынын мэри: “Газ баллондорду сатып алууга бөлүнгөн акча каражат бизге жете элек”

Бүгүн, 13-августтагы селектордук отурумдун жүрүшүндө Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин суроосуна: “Ош шаарына трансформаторду жана газ баллондорду сатып алууга бөлүнгөн акча каражат бизге келе элек”,- деп жооп берди.

Анын айтымында, учурда аткаруучуларды тандоо иштери жүрүп жатат. “Бир аптанын ичинде отун карта боюнча тиешелүү тизмелерди бекитебиз”,- деди ал.

Айта кетсек, Ош шаарына трансформаторду жана газ баллондорду сатып алууга 261 миллион сом бөлүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Dadin1
2014-08-13 16:07:25
Ал акчалар жетпесе деле кере, жолдо баратып эле култ этип тийешелуу чонтокторго тушуп кетет да коргон жокмун,билген жокмун болот ..))) Ким кунолуу,Бакиев кунолуу болот анан дагы )))Кайра эле эски пластинка айланып элди алдамай башталат жазга чейин.
+4
bek_t_84
2014-08-13 16:21:51
Жылдан жылга жыл батар деген соз бар кыргыздарда.
+1
kipchak
2014-08-13 17:14:40
Жакында келип калаар........жарымы.........ал да болбосо жарымынын жарымы.
+1
ayakosya
2014-08-13 17:15:49
Учунчу кучтор кунолуу болсо керек
+1
Baktiar93
2014-08-13 17:58:40
Эх элди эле кыйнашты. эми светке да ишенич жок деп жатышат. Ошто карангы да ачка отурушат экен да элдер. Элге электир плиталар берилет дешет свет очо берсе аны коргозмо кылабы эл?! анан даагы АША суйлойт айланайындар бизди кудай бизди кудай колдойт, кыргыз баарын женген ишенип койгула алтындарым жазда баары жакшы б.т деп куйругун туйуп элди алдайт
+2
uran001
2014-08-13 18:22:45
Ал акча менен Оштун элин эки кыштан чыгарса болотго,мэр болуп кетет экенда
+1
Bekzamann
2014-08-13 22:57:20
АША анда неге ооз кобуртот Ошко болгон визитинде.. Элдин алдында пиар жасап не кереги бар андан коро сууну сатканды токтоткула свет эле болуп турса эл силердин жардамынарсыз эле кыштан чыгып алат буюрса
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан