Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтө турган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюнуна Ош шаарынан 100гө жакын өкүлдүн келүүсү күтүлүүдө. Уюштуруу комитетинин чечими менен өлкөнүн бардык аймактарынан келген катышуучулар кыргыз элинин көчмөн турмушун чагылдырган оюн-зоокторго катышат.
Иш-чара 9-сентябрдан тартып 14-сентябрга чейин улантылат. Түзүлгөн программага ылайык, Ош шаарынан барган өкүлдөр Ысык-Көл районунун Кырчын капчыгайына жайгашып, бөлүнгөн аймакка 10 боз үй тигилет.
Анда кол өнөрчүлөрдүн, элдик уздардын эмгектери тартууланат. Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн берген маалыматында учурда даярдык иштери жүргүзүлүүдө. Эл аралык деңгээлдеги иш-чарага Ош шаарындагы мекеме-уюмдар жана чыгармачыл топтор тартылган.