Бүгүн, 14-августта Бишкек шаарынын бир катар аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасы билдирди.
Маалыматка караганда, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Элебесов, Осмонкул, Огонбаев, Карасаев, Кызыл-Кыя, Темиров көчөлөрүндө жана Ак-Босого, Калыс-Ордо конушунда “акылдуу” эсептегичтерди орнотуу иштери жүргүзүлөт.
Ошондой эле саат 12:00дөн баштап 17:00гө чейин Фучик көчөсүндөгү Үй-бүлөлүк медицина борборунда, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Маликов, Тойгонбаев, Гагарин көчөлөрү Фергана кичи көчөсү менен чектешкен аймактарда, Курулуш, Кочкор көчөлөрүндө электр жарыгы жок болот.
Аталган аймактарда трансформаторлорду оңдоо иштери жүрөт.