1-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунун фондунун акча каражатына курулуп жаткан 15 мекеме колдонууга берилет

1-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунун фондунун акча каражатына курулуп жаткан 15 мекеме колдонууга берилет. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта облустагы КРнын Өкмөтүнүн өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган мөөнөткө чейин Жети-Өгүз районунун Барскоон, Мундуз, Ырдык жана Кытай айылдарында мектептердин курулушу аяктайт. Мындан тышкары 1-сентябрда Ысык-Көл районунун Кашат айылында бала бакча, Чолпон-Ата шаарында музыкалык мектеп, Сары-Камыш айылында спорттук зал, Ой-Тал айылында мектеп жана Шаты айылында спорттук зал иштей баштайт. Ал эми Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын Туура-Суу айылында спорттук комплекс курулуп бүтөт.

Айта кетсек, 2013-жылы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан 7 мекеме эксплуатацияга берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан