Москвага жакын аймакта жайгашкан Тула шаарында үч айдан бери кулчулукта жүргөн 12 кыргызстандык жаран кулчулуктан куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта Кыргызстандын Москвадагы элчилиги билдирди. Маалыматта айтылгандай, алар ушул жылдын 1-майында Орусиянын Тула шаарына кыргыз жарандары аркылуу эле иштөө үчүн барышкан. Үч ай бою эгин талааларында эгин айдап иштешкен. Аларды ур-тепкиге алып иштетишкендиктен, кош бойлуу аялдын боюнан түшүп калган. Ал эми алар жакында Кыргызстанга жиберилери айтылды.