Бишкектеги №2, 3, 4, 5, 6-стоматологиялык клиникаларында, жаңы конуштардын амбулаторияларында жана Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун филиалдарында 27-августтан 29-августка чейин “Таза тиштер” акциясы өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган акция Кыргызстанда Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына жана Эгемендүүлүктүн 23 жылдык майрамына арналмакчы. Акция тиш ооруларынын алдын алуу, гигиеналык эрежелерди сактоону үйрөтүү, бейтаптарды жашаган жери боюнча клиникаларга дарылануу үчүн жиберүү жана тиешелүү кеңештерди берүү максатын көздөйт.