Быйыл Кыргызстандагы өрт кырсыктарынын негизги себептери табиятка болгон адамдын мамилеси жана кургакчылык болууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта КРнын ӨКМнын Ыкчам чара көрүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.
Анын айтымында, 2014-жылдын 7 айынын ичинде 2380 өрт кырсыгы катталып, 48 адам жабыркаган. Былтыркы жылдын көрсөткүчү 2370ке барабар болуп, 37 адам жабыркаган. “Өрт кырсыктарынын алдын алууда Өрткө каршы кызматы эс алуу жайларында иштерди жүргүзүп жатат. Мындан тышкары кызматкерлер мектептерде жаш балдарга лекцияларды өтүп жатышат”,- деди ал.