10-12-сентябрь күндөрү Ош улуттук драма театрында биринчи жолу энергетика жана жарыктандыруу, энергиянын кайра калыбына келүүчү “ЮГЭнерго-2014” аталышындагы адистештирилген көргөзмө өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта аталган көргөзмөнүн уюштуруучусу Витрой Линовицкий билдирди.
Анын айтымында, көргөзмөнүн алкагында КРнын түштүк аймагындагы энергетика секторундагы жеткирип берүүчүлөр, өндүрүүчүлөр, дилерлер жана таасирдүү кесипкөйлөр менен жолугушуулар өткөрүлөт.
Ал эми көргөзмөдө техникалык электр жабдуулары көрсөтүлөт.