2014-жылы өрт кырсыктарынан 48 адам каза болду, алардын үчөөсү жаш балдар. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта маалымат жыйынында КРнын ӨКМнын өрт кырсыктарынын алдын алуу бөлүмүнүн башчысы
Улан Тамабаев билдирди.
Анын айтымында, 2013-жылы 46 адам курман болгон, алардын бешөөсү жаш балдар. "Быйыл эң көп өрт кырсыгы Чүй облусунда (649) орун алган. Ал эми Бишкек шаарында 440, Ош облусунда 295, Ысык-Көл облусунда 279, Жалал-Абад облусунда 257 өрт кырсыгы болгон",- деди ал.