"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде бир эле тик учак бар, ал да жараксыз абалда" деди Урматбек Шамырканов

Бүгүн, 14-августта маалымат жыйынында КРнын ӨКМнын Ыкчам чара көрүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Урматбек Шамырканов: “Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин курамында бир эле тик учак бар, ал деле бир жылдан бери жараксыз абалда”,- деди.

Анын айтымында, аталган мекеме тик учак бөлүү тууралуу өтүнүч каты менен казак тарапка кайрылган. “Казакстан тик учак бөлүүгө даяр. Мындан тышкары өрткө каршы кызматынын техникасы жаңыланууга муктаж, бирок бюджеттик жетишпегендигинен жаңы техника сатып алуу мүмкүн эмес болууда”,- деп түшүндүрдү ал.

“Кыргызстандын 2400-2700 метрден бийик тоолуу аймактарында өрттөрдү өчүрүүдө тик учактар пайдасыз болуп калууда. 12-августтан тарта Нарын облусунун Таш-Башат айылында 80ге жакын гектар жерде кургак чөп жана бадалдар өрттөнүп кеткен. Учурда кырсык токтотулуп, бирок өрттүн очоктору дагы деле күйүүдө. Ал жакта 500гө жакын кызматкер иштеп жатат”,- деп билдирди Өрттөрдүн алдын алуу кызматынын башчысы Улан Тамабаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
zman53
2014-08-14 14:18:57
Азыраак ичип жесенер,баарын сатып аласынар.
+1
ayakosya
2014-08-14 15:34:58
Бюджеттин танкыстыгы деп эле тушунсок болот го.
+1
Dadin1
2014-08-14 15:57:05
Тик учак,самолеттордун баарын саткан учун Аскар Акаев Феликс Куловту турмого камаган да,Куловту жоопко тарткыла.Саткан тик учактарды ордуна коюп койсун!!!!!!!!Тик учак эле эмес БМП,БТР,ТАНК военный техникалардын баарын саткан экен!!!! дагы банга айдап жибербегиле админ,тарых барактарын барактап окуп анан жаздым.
+1
Manasasman
2014-08-14 16:41:23
Dadin1, анан качан онолот эле ушул жегендер кайра эле оозу мурду кыйшайбай бийликте жабышып олтурушат
+1
Nemo_0587
2014-08-14 17:16:37
Жеп ичээрлердин баарын соттоп кустурса жегендерин, Кыргызстанда баары болмок.
+1
talant87
2014-08-15 03:03:49
Арендага бергиле тажиктерге озу 2 бар эле бири арендага берилген тажиктерге
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан