Жумгал эли ЖКнын депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Абдыманап Кутушев менен жолугушууда "Кара-Кече" көмүр кенин тартипке салууну суранышты. Бул тууралуу 14-августта парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тургундар кургакчылыктын айынан тоюттун аздыгын айтышып, канал, арык, насостук станцияларды иретке келтирүү көйгөйүн көтөрүштү.
Байзак айылынын жашоочусу Б.Асанбеков Турсунбековго "Кара-Кече" көмүр кенин тартипке келтирүүнү сунуштады. "Кара-Кече" кени Байзак айылынын аймагында жайгашкан. Капчыгайды ар ким каалагандай тешип-казып жатат, мен өзүм былтыр кышында тезек жактым. Экологиялык жагына көзөмөл жоктугунан улам биздин айылда суу капкара болуп агат",- дейт ал.
Эл өкүлү өкмөт Кара-Кече маселеси боюнча иштеп жаткандыгын, ал жерге ЖЭБ куруларын, анын жүрүшүн өзү көзөмөлгө ала турганын билдирди.