Бүгүн, 14-августта КРнын Тышкы иштер министрлиги өлкөдөгү Беларустун элчиси Виктор Денисенкону экинчи жолу чакырып, мурунку президент Курманбек Бакиевдин Элдердин достугу орденин алганы боюнча маалыматты түшүндүрүүнү талап кылды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, элчи В.Денисенко Беларустун президенти Александр Лукашенко тарабынан К.Бакиевге сыйлык бергени тууралуу маалыматка ээ эмес экенин билдирди.
Министрлик өз булактарына таянып, бул маалымат чындыкка туура келет экендигин белгиледи. ТИМдин маалыматында “К.Бакиевге Беларусь тарабынан жогорку деңгээлдеги сыйлык берүү Кыргызстанга карата достуксуз мамиле катары саналууда. Ошондуктан эки тараптуу мамилелерге терс таасир тийгизген иш-аракеттерден алыс болуу керек” деп айтылат.
Эскерте кетсек, өткөн аптада 6-августта КРнын Тышкы иштер министрлиги өлкөдөгү Беларустун элчисинен ушул маселени сураган болчу. Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев бул тууралуу "Курманбек Бакиевге Беларусь президентинин сыйлык бериши кыргыз элин сыйлабагандык болуп саналат" деген. Ал эми активист Өндүрүш Токтонасыров К.Бакиевге “Элдердин достугу” сыйлыгын бергенине нааразы болуп, кепинге оронуп, акция өткөргөн.