Чоң-Алайда жер титирөө учурунда аткарыла турган чаралар боюнча комплекстик машыгуулар өтүүдө

Ош облусунун Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында “Жарандык коргонуунун жер титирөө коркунучу болгон мезгилде аткарылуучу иш-чаралары” деген темада комплекстик машыгуулар өтүүдө. Бул тууралуу 14-августта ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. 
Окутуунун максаты - өзгөчө кырдаал учурунда куткаруучулар менен жарандык коомдун өз ара айкашуу иш-чараларын биргелешип иштеп чыгуу, Облустук жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын өзгөчө кырдаал коркунучу пайда болгон мезгилинде калкты жана аймакты коргоо боюнча иш-чараларды уюштуруу, башкаруунун чыныгы даярдыгын жана машыгууларды өркүндөтүү. 

Өзгөчө кырдаал пайда болгондо жана өзгөчө кырдаалга баа берүү боюнча үйрөтүү жана тажрыйба алмашуу 15-августта жыйынтыкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан