Ушул жылдын 7 ай аралыгында Ош шаары боюнча 114 өрт кырсыгы катталды
Ушул жылдын 7 ай аралыгында Ош шаары боюнча 114 өрт кырсыгы катталган. Алардан келтирилген чыгым 12 миллион сомдон ашты. Ош шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынан маалымдашкандай, мындан сырткары 82 өрт кырсыгынын 47си турак үйлөрдө катталып, жалпы чыгым 6 миллион сомдон ашкан. Өрт кырсыктары электр шаймандарын колдонууда жана отко этиятсыз мамиле жасоодон келип чыгып жаткандыгы айтылды.