Орусияда өткөн танктар биатлонунда Кыргызстандын курамы 7-орунду ээледи. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынан бүгүн, 15-августта билдиришти.
Маалыматка караганда, 1-орунду орусиялык команда алса, 2-орунду казакстандык, 3-орунду кытайлык танкисттер алышты.
Эске сала кетсек, танктар биатлону 4-августта башталган. Ага 12 өлкөнүн танкисттери катышкан.