Чоң-Алайда жер титирөө учурунда аткарыла турган чаралар боюнча комплекстик машыгуулар жыйынтыкталды

Чоң-Алайдагы Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын абалын текшерүү боюнча «Жарандык коргонуунун жер титирөө коркунучу болгон мезгилде аткарылуучу иш-чаралары» аталышындагы 2014-жылдын 13-августунан 15-августуна чейин өткөрүлгөн үч күндүк комплекстик машыгуу жыйынтыкталды.

Машыгуу бири-бири менен байланышкан эки этап менен өткөрүлдү. Биринчи этапта жер титирөө коркунучу болгон учурда жарандык коргонуу кызматтарынын иш-чаралары уюштурулду.

Экинчи этапта өзгөчө кырдаал болгон учурдагы кырсыктан куткаруу жана башка кечиктирилгис иш-чаралар, ошондой эле жапа чеккен калкты ар тараптуу камсыздоо иш-чаралары уюштурулду.

Машыгуунун практикалык бөлүгү Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан