Кыргыз профессионалдык бий искусствосунун көрүнүктүү өкүлү Мелис Асылбашев дүйнө салды

Бүгүн, 16-августта Кыргыз Эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, кыргыз профессионалдык бий искусствосунун көрүнүктүү өкүлү Мелис Асылбашев 67 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият жана маалымат министрлигинен кабарлашты. 

Мелис Асылбашев 1947-жылдын 7-майында Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген. 1967-жылы Ленинград академиялык хореографиялык окуу жайын аяктап, 1972-жылдан тартып балетмейстердик ишмердүүлүктү аркалай баштаган. Кыргыз опера жана балет театрынын сахнасында Бизе-Щедриндин «Кармен-сюита», П.Чайковскийдин «Лебединое озеро», «Белый пароход» жана башка балет-спектаклдерин ийгиликтүү койгон. 1982-жылдан тартып «Ак марал» улуттук бий ансамблинин башкы балетмейстери жана көркөм жетекчиси болуп иштеп келген.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты кыргыздын атактуу уулу Мелис Асылбашевдин көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
jasi
2014-08-16 17:47:55
Жаткан жери жайлуу болсун!
+4
classica
2014-08-16 18:00:40
Кыргыз маданияты дагы бир чыгаанынан айрылган экен... Жаткан жери жайлуу топурагы торкоо болсун
+6
tokish
2014-08-17 01:26:05
Жаткан жери жайлуу болсун. Ыйманы саламат болсун.
+2
jusupova
2014-08-17 02:58:48
Жаткан жерди жайлуу болсун!
+2
mahabat.
2014-08-17 09:14:43
нариман тулеевге окшош экен
+3
Ashurjan
2014-08-18 09:11:47
Jatkan jeri jailuu bolsun!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан